Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

АКШнын чабарманы көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө үндөдү


АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блэйк Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Блэйк бүгүн Өзбекстан менен Кыргызстан чек арасындагы качкындар лагеринде болду. БУУнун гуманитардык агенттиктери жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун болжолунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышуулардан 1 миллионго чейин адам жабыркаган. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, жер которууга аргасыз болгон адамдардын саны 400 миң кишиге жетиши ыктымал. Блэйк жума күнү Кыргызстанга келет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG