Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Ноокен районунда кырдаал турукташты


“Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязовдун билдиргенине караганда, 14-июндан баштап Ноокен аймагын курамында он улуттун өкүлдөрү камтылган тынчтыкты коргоочу топ көзөмөлгө алган. Мирослав Ниязовдун айтымында, Ноокен районунда бир жума аралыгында элди тынчытып, көптөгөн качкындардын өз жерине кайтып келүүсүнө жардам көрсөтүлгөн. “Жергиликтүү калк бул улуттар аралык тынчтыкты коргоочу күчтөрдү ишенүү менен кабыл алышты”, - дейт М.Ниязов. Аталган топ сексен адамдан туруп, ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Болот Шер тарабынан жыйырма чакты ок атуучу курал-жарак менен камсыздалган. Иши аяктаган соң тынчтык тобу алынган курал-жарактарын кайра тапшырып беришкен. (AKa, AJr)

XS
SM
MD
LG