Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Нариманда куралдуу каршылык болгон


Ош облусунун Нариман айылындагы тазалоо операциясы учурунда күч органдарына куралдуу каршылык көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Ош облусунун коменданты Бакытбек Алымбековдун маалымат кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар аскерлер тазалоо операциялары учурунда зордук-зомбулуктарга жол берип, айрым учурларда талап-тоноо фактылары болуп атканын айтышууда. Буга байланыштуу Ош облусунун комендатурасы маалымат таратып, Нариман айылында жашырынып жаткан куралдуу топтор аскерлер айылга кирген маалда куралдуу каршылык көргөзүшкөнүн, натыйжада аларга карата гана курал колдонулуп, каршылык көрсөткөндөрдүн бирөөсү жок кылынганын билдиришти. Операция учурунда ар кыл куралдар алынып, шектүү адамдар кармалган. (IJz)

XS
SM
MD
LG