Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Анжияндын 57 аймагында кыргызстандык 75 миң качкын бар


Бул тууралуу Жалал-Абад облустук бийлик өкүлдөрүнүн иш сапарынын учурунда Анжиян облусунун акими Ахмаджан Усманов маалымдады. Кыргызстандык качкындардын ахыбалы менен таанышуу үчүн бүгүн Анжиян облусуна Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов баштаган делегация барган. “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда, ушул сааттарга чейин кыргызстандык расмий өкүлдөр качкындардын үч лагеринде болуп, алардын ал-ахыбалы менен таанышып, кыргыз жана өзбек тилдеринде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. “Азаттыктын” жолугушууларга байкоо жүргүзүп жаткан кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун билдиргенине караганда качкындарды биринчи кезекте коопсуздук кызыктырууда. Облустук бийлик жетекчилиги өлкөдө жагдай турукташкандыгын, эл аралык жардамдар жетиштүү болуп жаткандыгын белгилеп, ар кандай чагымдарга алдырбоого, мекенине кайтууга чакырууда. Анжиян облусунун акиминин билдиргенине караганда чегаралаш бул аймактын 57 жеринде учурда 75 миң качкын жайгашып турат.

Кыргызстандык делегацияны тосуп, коштоп жүргөндөрдүн катарында Өзбекстандын Ички иштер министри Матлюбов Бахадыр, Өзгөчө кырдаалдар министри Худайбердиев Турсун да болууда деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы. (BuS)

XS
SM
MD
LG