Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

АКШ Конгресси Ооганстанда дагы бир коррупциянын изин тапты


Кошмо Штаттар жыл сайын Ооганстандын коопсуздук фирмаларына төлөгөн он миллиондогон доллар андан ары лашкер башчылардын, балким, талиптердин чөнтөгүнө түшүп турган. АКШ Конгресси алты айлык иликтөөдөн кийин ушундай бүтүмгө келген.

Иликтөөчүлөрдүн сөзүнчө, менчик коопсуздук фирмалары акча төлөбөгөн учурда АКШлык аскерлерге жүк тарткан кербендер чабуулга кабылып турган жана аларга төлөнгөн акча “талиптерди каржылоонун маанилүү булагы саналат”.

Бул кеңири жайылган схемага “лашкер башчылар, командирлер, коррупцияланган өкмөт адамдары да тартылган”, дешет иликтөөчүлөр.

XS
SM
MD
LG