Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Журналисттер референдумду чагылдыруу боюнча кесиптик окуудан өтүштү


Бишкекте 22-июнда журналисттер жана редакторлор үчүн алдыдагы референдумду чагылдыруу маселеси боюнча окуу семинары болду. Медиаэксперттер Ш. Майчиев, А. Кулинский жана Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун (IFES) адиси Евгений Гречко журналисттерге референдумду чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр жана кесиптик талаптар жөнүндө сабак өтүштү. Семинарда БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова чыгып сүйлөп, алдыдагы бүткүл элдик добуш берүүнүн мааниси жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Бул иш чарага катышып жаткан журналисттерге референдумду чагылдыруу боюнча орус жана кыргыз тилдеринде жазылган чөнтөк китепче таркатылды. Аталган семинарды ЕККУ менен IFES жана БШК биргелешип уюштурушту. Бул иш чарага “Азаттыктын” журналисттери да катышты. (KC)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG