Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Ооганчылар түштүккө гумжардам жөнөтүшөт


Бул туурасында Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы Ооган согушунун ардагерлеринин аймактык уюмдары Ош жана Жалал-Абадда жабыр тарткандар үчүн 300 миң сомдон ашык каражат топтоп, биринчи керектелүүчү азык-түлүктөрдү сатып алышып, 30га жакын ооганчы ардагердин коштоосунда жолго чыгышты. Булардын максаты - жардам топтоп, аны даректерине жеткирүү гана эмес, каршылаш тараптарды бир дастаркондун башына жыйып, элдештирүү аракеттерин көрүү болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG