Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Чет өлкөлөрдө 38 добуш берүү жайлары түзүлдү


Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаевдин билдиришинче, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү референдумга даяр. Отуз сегиз добуш берүүчү жайга бардыгы 31 миңден ашуун бюллетень жеткирилген.Мындан тышкары Тышкы иштер минисрлиги кыргыз өкүлчүлүгү жайгашкан өлкөлөргө добуш берүү күнү коопсуздукту камсыз кылуу өтүнүчү менен нота жиберген. Түштүктөгү окуялардан улам коңшу Өзбекстанга качкан Кыргызстандын жарандарына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде консулдук пунктун ачуу каралууда. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.(AzK)

XS
SM
MD
LG