Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Тополоң окуялар алып келген зыяндын көлөмү жөнүндө алгачкы маалымат айтылды


Ош жана Жалал-Абат жергесиндеги башаламандыктын кесепеттерин аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия биринчи жыйынын курду. Комиссиянын төрагасы, өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов белгилегендей, кагылышуу убагында аталган аймактарда 1094 менчик турак жай, 12 мамлекеттик ишкана, 4 окуу жайы, 226 коммерциялык мүнөздөгү мекемелер өрттөлүп жок кылынган. Мындан тышкары өрт өчүрүүчүлөрдүн буту баспаган, ошондой эле белгисиз адамдар тобу тарабынан талкаланып, таланып-тонолгон обектилердин саны мындан дагы көп болушу ыктымал.

Ошентип, аталган комиссия жер-жерлердеги чыгымдарды такташтыруу жана аныктоо боюнча облустук, райондук жана шаардык комиссияларга 12-июлга дейре мөөнөт койду. Ошондон кийин гана кандуу калабадан жапа чеккендерди турак жай менен камсыздоо маселеси Өкмөттүк деңгээлде талкууланмакчы. (ATo)

XS
SM
MD
LG