Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Орусиядан референдумга 36 адам байкоо салган


Орус БШК мүчөсү Василий Волков бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, 27-июнда өткөн жалпы элдик добуш берүүдөгү байкоосунун тыянактырын ачыктады. Анын айтымында, добуш берүүдө бир катар калпыстыктар кетип жатты: айрым шайлоо бекеттеринде шайлоочулар тизмеси илинбей, бул нерсе түшүнбөстүктөрдү шарттап жатты. Айрым шайлоочулар үй-бүлөсү менен чогуу кирип, бир убакта добуштарын беришти.

Василий Волков Орусиядан референдумга 36 адам байкоо салганын айтып, төрт гана облустагы 62 шайлоо бекетинде добуш берүүгө көз салгандарын билдирди. Ал Бишкектеги 15 шайлоо бекетинде да орус байкоочулардан добуш берүүгө мониторинг жүргөнүн кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG