Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

“Керемет” телекомпаниясынын операторунун абалы оор


Бул тууралуу аталган телекомпаниянын аткаруучу директору Венера Абдыраимова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 11-июнда оператор Батыр Маматжановду Ош шаарынын Грензавод аймагындагы аскер бөлүгүнүн жанында белгисиз 20-30 чакты бала токмоктоп, унаасын, видеокамерасын тартып алышкан. “Катуу тепкиден башы жарылып, эки кабыргасы сынып жаракат алган Батыр Маматжанов эсине келе албай жатат”,-деди В.Абдыраимова.

Буга чейин Оштогу тополоң учурунда кызматтык милдетин аткарып жүргөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө зомбулук күчөгөнү маалымдалган. Мисалы, ЭлТРдин кабарчысы Авазбек Айтиевди белгисиз адамдар опузалап, кысым көрсөтүшүп, телекомпаниянын оператору Расул Насирдиновдун машинасын талкалап, өзүн темир союл менен токмоктошкон.

Улуттук биринчи телеканалдын журналисти Гүлбара Кенжеева жана оператору Ибрагим Ашуров жумушуна баратышканда бейтааныш жигиттер кол салып, унаасын оодарып, өздөрүн барымтага кармоого аракеттенишкенде, качып кутулушкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG