Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Freedom House: 2009-жылы Кыргызстанда авторитардык башкаруу орногон


Бул тууралуу Freedom House 2009-жыл үчүн жарандык эркиндиктин абалына баа берген отчетунда айтылат. Анда белгиленгендей, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө авторитардык башкаруу орноп, алардын ичинен айрыкча Түркмөнстан баса белгиленген. Жылдык баянда акыркы он жыл аралыгында Кыргызстанда демократиянын өнүгүү деңгээли басаңдап гана келаткандыгы белгиленген. Аталган эл аралык уюм Кыргызстанда 2009-жылы бир катар министрликтер менен ведомстволор бир колго топтолуп, президент аскердик структурага жеке көзөмөл кылууга өткөндүгү айтылат.

Мындан тышкары саясий буйуртма өлүмдөр жана журналисттерге кол салуулар көп болгондугу, өткөн жылдын июль айында өткөн президенттик шайлоодо бийликти бир колго топтоп, чыңдоо үчүн аракеттер катары бааланган. Өлкөдө коррупция өсүп, президент бардык финансы агымдарын көзөмөл кыла турган жаңы мекемени түзгөндүгү айтылат. Уюмдун отчетунда Советтер Союзунун өлкөлөрүнүн ичинен Беларусияда жакшы жылыш байкалып, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана Орусияда демократиялык өнүгүү начарлап кеткендигин белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG