Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Кыргызстанга АКШнын мамкатчысынын жардамчысы келди


АКШнын мамлекеттик катчысынын калкты жайгаштыруу, качкындар жана миграция маселелери боюнча жардамчысы Эрик Шварц бүгүн Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Ал сапары учурунда тополоңдо үй жайын таштап качкандардын ал-акыбалы менен таанышып, аларга берилчү жардамдарды аныктайт. Э.Шварц ушул максатта Ошко барды. Андан соң иш сапарынын жыйынтыгы туурасында маалымат жыйын өткөрөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG