Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Тыңчылар АКШ-Россия мамилесин бузбайт


Ак Үйдүн маалымдашынча, Россиянын пайдасына тыңчылык кылды деп шектелип, Кошмо Штаттарда кармалган адамдар Вашингтон-Москва мамилесине олуттуу зыян тийгизбейт.

“Бул биздин Россия менен болгон алакабызыга залака келтирбейт. Акыркы бир жарым жылда СТАРТ келишиминен тартып, Түндүк Корея жана Ирандын ядролук программалары болуп, эки жактын кызыкчылыгына ылайыктуу проблемалар боюнча олуттуу ийгиликтерге жетиштик”, -деп билдирди Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гибба шейшемби күнү.

28-июнда АКШнын Федералдык чалгындоо бюросу Россиянын пайдасына шпиондук кылды деп шектелген 11 адам, анын ичинде бирөө Кипрде кармалганын билдирген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги алардын кээ бирлери орус жарандары экенин, бирок алар “АКШнын кызыкчылыгына каршы аракеттенбегенин” билдирген.

XS
SM
MD
LG