Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Ош шаарынын мэри дин кызматкерлерин айыптоодо


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаардагы мечиттерди текшерүү керектигин жана баш аламандыктарга тиешеси бар дин кызматкерлерин жоопко тартуу зарылдыгын айтууда. Бул тууралуу ал Ош шаарынын жетекчилери чогулган жыйынында сөз кылды. Анын айтымында, Оштогу мечиттердин кызматкерлеринин болуп өткөн баш аламандыктарга катыштыгы бар. Анткени 11-июнь күнү баш аламандыктардын алдында, азан маалы болбосо да бардык мечиттерде азан чакырылып, баш аламандыктарга үндөгөн чакырыктар жасалган.

Ошондой эле ал мечиттерде маң заттары, куралдар жана диний экстремизмге үндөгөн баракчалар болгон деп шек санап, мечиттерди текшерүү керектигин айтууда. Оштогу коогалаң сөз болгон жыйынга шаардын коменданты, күч органдарынын кызматкерлери катышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG