Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Ошто жоголгон облустук МАИнин эки кызматкеринин сөөгү табылды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеги иш-чарасынын негизинде коогалаңда белгисиз жоголуп, изделип жаткан Ош облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери Б.Байкишиев менен Б.Айдаровдун өлүмүнө байланыштуу шектелип 6 адам кармалды. Алардын көрсөтмөсү менен Б.Байкишиев менен Б.Айдаровдун сөөгү курулуп бүтө элек эки кабат үйдүн жер төлөсүндө терең казылган чуңкурга көмүлгөн жерден табылды. Бул тууралуу Ош облустук комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн суткада Ош шаары жана облус боюнча 99 кылмыш катталып, ыкчам-иликтөөнүн негизинде алардын 30дан ашуунунун жүзү ачылды. Кара-Суу, Араван райондорунда кырдаал тынч. Тартип коргоо кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл аксакалдары менен бирге жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин улантышууда. (AJ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG