Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Пакистан: Суфи олуянын күмбөзү канга боелду


Пакистанда суфилердин олуясынын саганасында эки жанкечти жардырган бомба 40тан ашуун адамдын өмүрүн алды. Кеминде 120 адам жарадар болду. Чабуул жасалган учурда Лахордогу Дата Гунж Бакштын күмбөзүндө жүздөгөн адамдар зыярат кылып жатышкан. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Бирок “ал-Каида” жана талиптер менен байланыштагы согушчандар Пакистан армиясынын Ооганстан жактагы чек арасындагы чабуулу үчүн өч алуу максатында буга чейин ушундай кол салууларды жасап турган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG