Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Америкалык командачы ооган согушунда биримдикке чакырды


Генерал Дэвид Петреустун айтымында, Ооганстандагы антитеррордук операцияда аскерий жана жарандык аракеттерди бириктирүү зарыл. Ал бул тууралуу АКШнын Кабулдагы элчилигинде меймандар алдында сүйлөгөн учурунда айтты. АКШнын эртеңки майрамы – Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Кабулдагы элчиликте ооганстандыктар, америкалыктар, чет элдиктер болуп, жалпысынан 1700дөй адам жыйналды. Бул генерал Петреустун Ооганстандагы жаңы командачы катары эл алдында алгач ирет сүйлөөсү болду.

Генерал Петреус командачылыкта генерал Стэнли МакКристалды алмаштырды. Ал америкалык журналдардын биринде жарыяланган макаласында АКШ жарандык жана аскерий лидерлеринин Ооганстан боюнча кызматташтыгынын деңгээли жетишсиз экенин сындап чыккан соң отставкага кеткен.

XS
SM
MD
LG