Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Ошто жарашуу жумалыгы башталды


Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков бүгүн Ош шаарында маалымат жыйын өткөрүп, 5-июлдан 11-июлга чейинки убакытты жарашуу жумалыгы деп жарыялады. Бул аралыкта жер-жерлерде, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү үгүт бригадалары иштешет. Анда мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарактарды ыктыярдуу тапшырууга, мындан ары этникалык чыр-чатакка жол бербөөгө чакырыктар айтылат.

Б.Алымбеков өзгөчө кыдаал киргизилген аймактарда ар кандай жолугушууларга чектөө киргизилгендигин, мындай иш-чаралар аймактык жана райондук коменданттардын уруксаты жана алардын катышуусунда өтөөрүн кошумчалады. Бул туурасында “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Укук коргоочулар бул чечим атуулдардын тынч жыйын өткөрүү эркиндигине каршы келерин белгилешип, сынга алышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG