Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Британия, Германия, БАЭнын аэропорттору Ирандын учактарына май бербей жатат


АКШ өткөн аптада Иранга каршы бир тараптуу санкция киргизгенден бери Германия, Британия, Бириккен Араб Эмираттарынын аэропорттору Ирандын жүргүнчү учактарын күйүүчү май менен камсыздоодон баш тартып жатканы жөнүндө бул өлкөнүн расмий өкүлү билдирди. Ирандын авиакомпанияларынын башын бириктирген уюмдун катчысы Мехди Алияри “ИСНА” жаңылыктар агенттигине аталган өлкөлөрдүн аэропортторунан мамлекеттик “Iran Air” жана жеке менчиктеги “Mahan Air” компанияларынын учактарына май берилбей жатканын айткан. Ирандын бул авиакомпанияларынын Европага каттамдары бар.

Бириккен Араб Эмираттарынын жарандык авиация мекемесинин басма сөз катчысы бул маалыматтан кабары жок экенин билдирди. Германиянын транспорт министрлиги өз билдирүүсүндө АКШнын да, Улуттар уюмунун да санкцияларында жүргүнчү учактарга май куйбоо маселеси камтылбагандыгын белгиледи.

АКШ президенти Барак Обама Иранга санкция киргизүүнү караган мыйзамга өткөн бейшемби күнү кол койгон. Обаманын айтымында, ал санкциялар Ирандын өзөктүк программаны каржылоо жөндөмүнө сокку урат.

Талаштуу өзөктүк программасынан улам Иранга каршы санкцияларды Улуттар уюму, Евробиримдик да киргизген. Батыш Иран тынчтык мүнөздө гана деп ырастаган өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG