Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

Израиль Газага киргизилүүчү товарлардын түрүн көбөйттү


Израиль бүгүн Газа секторуна киргизүүгө тыюу салынган товарлардын жаңы кара тизмесин жарыялады. Мындай кадам ал Газа секторуна жүк тартып бара жаткан кемелерге жасаган, адам өлүмү менен аяктаган жортуулдан кийин эл аралык коомчулуктан айтылган сындан соң орун алып олтурат. Жаңы кара тизмеден азык –түлүк менен эл керектөөчү товарлардын көбү чыгарылган. Бирок Газа секторунун кайра курулушу үчүн абдан зарыл болгон курулуш материалдары БУУ сыяктуу уюмдардын көзөмөлү астында гана койо берилет. АКШ президенти Барак Обама өткөн шейшембиде Израилдин премьер- министри Биньямин Нетаньяху менен кездешкен учурунда Газа секторунун блокадасын бир топко жумшартууга чакырган. Газа секторун көзөмөлдөгөн согушчан ХАМАС уюму Израилдин кадамын аймакта жашаган 1,5 миллион калк үчүн “пайдасыз” деп атады.

XS
SM
MD
LG