Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Азербайжанда абактагы журналист кайра кесилди


Гезит редактору Эйнулла Фатуллаев “маң зат алып жүргөн” деген айып менен дагы эки жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу журналисттин коргоочусу Исахан Ашуров кабар берди. Фатуллаев Карабак жаңжалында азери аскерлеринин армяндарды өлтүргөнүн сүрөттөгөн макаласы үчүн 2007-жылы үч жылга кесилген. Ошол эле жылдын этегинде ал террордук коркутуу жасаган, улуттар аралык жек көрүүчүлүктү шыкактаган, салык төлөгөн эмес деген айыптар менен сегиз жарым жыл алган. ЕККУнун Сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятовиц бүгүнкү сот өкүмүн айыптады.

XS
SM
MD
LG