Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Жарым финалда Голландия Уругвайды 3-2 эсебинде жеңди


Буга чейин дүйнөлүк желдештин финалына эки жолу 1974-жылы жана 1978-жылы чыккан голландиялыктар Уругвай менен беттешүүнүн 18-мүнөтүндө команданын капитаны Жованни ван Бронкхорсттун тепкен тобу менен эсепти ачты. Уругвайдын чабуулчусу Диего Форландын атаандашынын дарбазасына киргизген тобу голландиялык оюнчулар Уэсли Снейдер жана Арьен Роббендин дарбазага таамай тепкен топтору менен уланды. Оюн соңуна чыгып калганда Макси Перейра уругвайлыктарга экинчи упай да алып бергенге жетишти.

Йоханнесбурда жекшембиде өтчү дүйнөлүк мелдештин финалында голландиялыктар Германия же Испания менен беттешет. Ал эми аталган эки команда ортосундагы жарым финалдык мелдеш бир аздан кийин башталат.

XS
SM
MD
LG