Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

Мамлекеттик кепилдүү укук жардамын көрсөтүү маселелери талкууланууда


Бүгүн Бишкекте "Мамлекет кепилдеген укуктук жардам системасын өнүктүрүү" деген темада тегерек үстөл жыйыны өтүп жатат. Анын ишине Юстиция министрлигинин, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, МККнын жана сот органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле конкурс жолу менен тандалып алынган адвокаттар катышууда. Жыйында мамлекет кепилдеген укуктук жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү долбоорунун максаты жана милдеттери талкууланууда. Аталган долбоор "Сорос-Кыргызстан" фонду жана Юстиция министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда. Бүгүн аталган долбоордун алкагында Юстиция министрлигине "Сорос-Кыргызстан" фонду тарабынан 3200 АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жабдуулар тапшырылат. (КС)

XS
SM
MD
LG