Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Алмазбек Атамбаев кыска убакытка Жалал-Абадга келип кетти


Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев өткөн айдагы баш аламандыктарда Жалал-Абад шаарынын Ленин, Кыргыз Республикасы, Б. Осмонов, Пушкин көчөлөрү жана Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө өрттөлгөн үй-жай, имараттарды автоунаада жүрүп көрүп чыкты. Облустун башчылары менен жолугушканда аларга тополоңдордо жана табият кырсыктарынан жабыр тарткандарга бирдей камкордук көрүүнү табыштады. Жалал-Абад жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө өтө үлкөн каражаттар талап кылынаарын, ал үчүн өлкө эл аралык уюмдардан жардам сураарын белгиледи. Ал жергиликтүү жетекчилерди учурдан пайдалануу менен шаар-райондорду дурустап оңдоп алууга чакырды. Турак-жайларды курууда жеке адамдардын укугун эске алууну кулактандырды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча облус өткөн айдагы баш аламандыктарда 800 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Бул тууралу 7-июлда облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG