Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Орусия Байкоңурдан 4 космостук ракета учурууну пландайт


Байкоңур космодромунун расмий өкүлүнүн айтуусунда, ушул жылдын сентябрынын ортосуна чейин орусиялык төрт ракетаны бул жайдан учуруу пландалган. 1-июлда Протон-М ракетасы америкалык ЭхоСтар телебайланыш спутнигин, 17-августта америка-канадалык СкайТерра спутнигин, 2-сентябрда орусиялык Глонасс-М геологиялык багытоочу спутнигин орбитага жеткирсе, 8-сентябрда Союз-У ракетасы эл аралык космикалык станцияга жүк алып барат. Байкоңур 1950-жылдардын ортосунда Советтер Союзу тарабынан курулган, ал эми 1991-жылдан бери Казакстанга таандык жана 2050-жылга чейин орусиялыктар бул жайды пайдаланып турууга келишим түзгөн.

XS
SM
MD
LG