Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Британ аскерлери Ооганстандын кооптуу жеринен чыгарылат


Өлкөнүн коргоо министри Лиам Фокс британ аскер күчтөрү Ооганстандын түштүгүндөгү эң кооптуу жерлерден чыгарылаарын билдирди, эми жылдын аягына чейин ал жерде жоопкерчиликти америкалык аскерлер алат. Мындай чечим НАТОнун ноябрда түндүк Хелманда америкалык күчтөрдү түзүү планы менен байланыштуу экендигин британ министри маалымдады. Ооганстандагы абал эң оор болгон Хелманд провинциясынан түштүк Сангин аймагында британ күчтөрү оор жоготууларга дуушар болуп, 2001-жылы согуш башталгандан бери британдык 99 аскер набыт кеткен. Фокс БиБиСи агенттигине Сангиндеги абалга «аз сандагы британ аскерлери балга үйүлгөн чымындардай» көрүнөт деп баалаган.

XS
SM
MD
LG