Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Кыргызстанга 44 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар киргизилбейт


Убактылуу өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы Кытайдан кирип аткан жүк ташуучу унаалар маселесин карап чыгып, “Торугарт”, “Эркештам” өткөрмө пунктарында жалпы салмагы 44 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды өткөрбөө тууралуу чечим чыгарды. Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, мындай аракет оор жүк ташыган унаалардын айынан талкаланып келаткан жолдорго күч келтирбөө иретинде жасалууда.

Андан тышкары кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүп, эки тараптын тең жүк ташуучуларына бирдей шарттарды түзүп берүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Өлкөгө кире турган жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерүүнү жана коррупциялык аракеттерди алдын алуу аракеттерин Транспорт жана байланыш министрлиги менен Бажы кызматы жүргүзмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG