Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Ошто ооган cогушунун ардагерлери сыйланды


Оштогу кырдаалды турукташтырууга салымын кошкон ыктыярчы ооганчыларды Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков куттуктап, ыраазычылык билдирди. Ал кыйын кырдаалда ооганчылардын заматта биригип, даяр болгонуна таң калганын айтты.

Коргоо министринин орун басары Таалайбек Өмүралиевдин айтымында, ооганчылар Оштогу кызматы учурунда оңой эмес иштерди жасаган. Алар барымтада калгандарды бошотуу үчүн 41 жерге барышып, жүздөй адамды бошотушкан. 60тан ашуун чет элдик жарандар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG