Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Убактылуу өкмөттүн отуруму 13-июлда болушу күтүлүүдө


Ишенимдүү булактан алынган маалыматка караганда, отурумда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыктарына байланыштуу ээлеген кызматтарын тапшырышарын расмий жарыялашы күтүлүүдө. Ошондой эле жаңы техникалык өкмөттүн курамы бекитилиши болжолдонууда.
Буга чейин Өкмөттүн курамына кирген “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар”, Социал-демократтар партияларынын лидерлери парламенттик шайлоого барып жаткандыктарына байланыштуу кызматтарынан чегинерин жарыялашкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG