Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Ош-Бишкек жолу кайрадан тосулду


Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылынын тушунда Ош-Бишкек жолу кайрадан тосулду. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден кабарлагандай, ондогон аялдар июнь окуяларына байланыштуу шектелип кармалган жакындарын бошотууну талап кылышууда. Алар менен сүйлөшүү үчүн барган губернатордун эки орун басарын, Сузак районунун акимчилигинин жетекчилерин, күч органдарынын жетекчилерин топтошкон аялдар укпай, жолдон өтүүгө аракет кылган унааларга суу куйулган бөтөлкөлөрдү ыргытып, колуна урунган буюмдар менен ургулат атышат. Азырынча окуя болгон жерге келишкен милиция кызматкерлери, атайын бөлүктүн аскерлери күч колдонбой, байкап турушат. (IJz)

XS
SM
MD
LG