Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Генерал Дэвид Петреус бүгүн Пакистанда болду


Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн жаңы колбашчысынын бул сапары жарыяланбаган визит болду. Исламабадда ал өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Пакистандын экстремисттерге каршы күрөштөгү күч-аракетин белгиледи. "Жакындагы окуялар козголоңчулардын Пакистанга да, Ооганстанга да бирдей коркунучу бар экенин далилдеди",-деп айтты ал. Акыркы эки аптада эле Пакистанда террордук кыянаттардан 150 кишинин өмүрү кыйылды. Мындай окуялар Ооганстанда да көбөйдү. Вашингтон ооган талиптерине каршы күрөшкө жигердүү көмөктөшкөнгө Исламабадды чакырган эле.

XS
SM
MD
LG