Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

“Ысык-Көлдө кадыр түн” фестивалы өтөт


16-17-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көлдө кадыр түн” аттуу эл аралык эстрадалык фестиваль өтөт. Бир топ убакыттан бери токтоп калган фестиваль кайра жанданып, жаш таланттарды чакырууда. Ага ошондой эле коңшулаш өлкөлөрдөн ырчылардын конок катары келүүсү күтүлүүдө. 14-майда Улуттук филармонияда тандоо туру өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG