Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Иран АКШда “уурдалган” деп эсептеген окумуштуу Тегеранга кеткенин айтты


Ирандын тышкы иштер министрлиги ядролук энергия боюнча ирандык окумуштуу Тегеранга жөнөп кеткенин билдирди. Окумуштуу Шахрам Амири кечээ Пакистандын Вашингтондогу элчилигинде баш калкалап турганын, тезирээк Тегеранга кетүүнү каалап жатканын айткан. АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык алака 1979-жылдагы революциядан бери токтоп калгандыктан, Тегерандын кызыкчылыгын АКШда Пакистан элчилиги коргойт. Кабарга караганда, Амири Вашингтондон алгач “үчүнчү башка” мамлекетке кетип, андан ары Иранга барат. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Амирини “Кошмо Штаттарында өз эрки менен эле жүрөт, каалаган учурда Иранга кеткенге укуктуу” деп билдирген. Амири Ирандын өзөктүк программасы үчүн иштеген окумуштуулардын бири деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG