Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Нарында малчылар мурдагы жетекчини актаган сот чечимине нааразы


Тянь-Шань мамлекеттик асыл тукум заводунун малчылары 14-июлда Нарын районунун акиминин милдетин аткаруучу Тазабек Мамыров менен жолугушуп, арыз-даттанууларын айтышты. Көрсө, малчылардын талабы боюнча асыл тукум заводуна ээлик кылган Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун жетекчилигинин буйругу менен директор Салыбек Чөлүев ишинен бошоп, ордуна Айбек Өмүров дайындалган экен. Бирок С. Чөлүев мыйзамсыз бошотту деп Сокулук райондук сотуна кайрылып жеңип чыгыптыр. Малчылар облустук жана райондук жетекчиликтин алдына А. Өмүровду ордунда калтыруу талабын коюшуп, талаптары аткарылбаса ар кандай аракеттерге барарын билдиришүүдө. Акимдин милдетин аткаруучу Т. Мамыровдун айтымында 17-июлда губернатор Т. Мамбетов Кара-Кужурга барып, малчылар менен жолукмакчы болуп жатат. Аталган асыл тукум мал заводу Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү, Лахол жана Казан-Куйган айылдарынын тутумунан түзүлгөн. (JI)

XS
SM
MD
LG