Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Түштүк окуясын иликтөө боюнча Улуттук комиссия түзүлдү


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен түштүктөгү окуянын чыгыш себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүлдү. Комиссияны коомдук ишмер Абыдганы Эркебаев жетектейт.
Комиссия 2010-жылдын 10-сентябрына чейин окуя боюнча тиешелүү жыйынтыкты президенттин кароосуна бериш керек.

Акыркы маалыматтарга караганда, июндагы жаңжал убагында Ош жана Жалал-Абат жергесинде 332 адам каза тапкан, мындан тышкары эки миңден ашуун киши ок жеген жана зордук-зомбулуккка кабылган. Бирок айрым байкоочулар каза тапкандардын саны расмий маалыматтагыдан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтышууда.(AzK)

XS
SM
MD
LG