Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Башкы прокуратура: Асрор Муминовдун макаласы чындыкка коошпойт


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, www.centrasia.ru сайтына Асрор Муминовдун “Кыргыздар өзбектерди мечиттерде да өлтүрүштү” деген макаласы жарык көргөн. Анда көрсөтүлгөн фактылар боюнча Ош прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын бир катар мечиттеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, андагы дин кызматкерлери мечитте эч кандай кылмыш фактылары болбогондугун тастыкташкан. Макаладагы айтылган фактылар аныкталган эмес. Башкы прокуратура бул макаланынын чындыкка коошпой турганын жана ал улуттар аралык араздашууну күчөтүүгө атайы багытталган деп эсептейт.

Башкы прокуратура Асрор Муминовдун аракетинде Кылмыш кодексинин 299-беренесинде каралгандай, улуттук араздашууну күчөтүү кылмышы бар. «www.centrasia.ru» сайтынын кеңсеси Казакстанда жайгашкан жана анын ээси Валерий Хлюпкин болуп саналат. Бул эки атуул тең Кыргызстандын жарандары эмес.

Бул маалыматтарды эске алып, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандын Башкы пркуратурасына бул эки атуулга карата кылмыш ишин козгоо тууралуу маселени карап көрүү арызын жолдоду. Ошондой эле Казакстандын тышкы иштер министрлигине «www.centrasia.ru» сайтына мындай жалган мазмундагы макалаларды чыгарбоо өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү.

Буга чейин Хьюман Райтс Уотч адам укуктарын коргоочу уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга тынчсызданып, июнь окуясынан кийин түштүктө укук коргоо органдары өзбек этносундагы атуулдарды каалагандай кармап, кыйноолорго алып жатканы кырдаалды курчутат деген тынчсыздануусун билдирген. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынан төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо Эл аралык уюмдар Кыргызстандын түштүгүндөгү окуя боюнча дыкат иликтебей бир жактуу маалымат кетирип жатышканын, алардын мындай аракети кандайдыр бир ызы-чуу кылуу максатын көздөөрүн билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG