Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Казак чек арачылары ысыккөлдүк эки адамдын сөөгүн бере элек


13-июль күнү Казакстан менен Ысык-Көл району чектешкен аймактан казак чек арачыларынын огунан каза тапкан эки жигиттин сөөгү айылына келе элек. 29 жана 30 жаштагы Мирбек Байгазиев менен Урлан Бейшекеевдин ата-энелери 16-июль күнү Ысык-Көл райондук акимчилигине келип, балдарынын сөөгүн казакстандык чек арачылары өткөрбөй атканына нааразы болуп, бул ишке жергиликтүү бийликтин расмий кийлигишүүсүн талап кылышты. Ушул эле күнү райондун акимнин орун басары Дөөлөтбек Салмакеев баштаган прокуратура, милиция жана экспертиза кызматынын өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлдү. Алар Казакстандын чек ара башчылары менен сүйлөшүүгө жана Жаркымбаев айылынын тургундарынын сөөгүн алып келүүгө жөнөп кетти. (RB)

XS
SM
MD
LG