Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Вашингтон Астанада ЕККУнун саммитин өткөрүү идеясын колдоого даяр


Бул жөнүндө бүгүн Алматыда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жеймс Стайнберг билдиргенин “КирТАГ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Биз ЕККУнун саммитин Астанада өткөрүү идеясын колдоого даярбыз. Ошол саммитте ЕККУнун болочок ишмердиги боюнча конкреттүү иш план каралат го деп ойлойм. Ошондой эле ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусунда айтылган орчундуу ойлор, мисалы ЕККУнун алкагында кризистердин алдын алуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө сыяктуу ойлор эске алынышы керек",-деп айтты АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары.

Ж. Стайнбергдин пикиринде ЕККУнун алдыдагы саммитинде адам укуктарына орчундуу көңүл бурулушу кажет.

Бул маалыматты ЕККУнун Бишкектеги борбору же Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен тактоого мүмкүн боло элек.

ЕККУда быйыл төрагалык кылып жаткан Казакстан Астанада 29-30 октябрда аталган уюмдун саммитин өткөрүүнү сунуш кылып жатканын белгилей кетүү керек.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ж. Стайнберг 16-июлдан бери Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча сапарын улантууда. Ал 17-18-июлда Ташкентте жана Бишкекте болуп, бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушмачы. (КС)

XS
SM
MD
LG