Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Ошто "атамекенчилер" өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты


“Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош шаардык жана облустук бириккен конференциясында аймактык жетекчилердин отчеттору угулуп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланды. Делегаттар саясий уюм негизги вазийпасынан алыстай түшкөндүгүн, утурумдук бийлик мурдагы режимдин катачылыктарын кайталап жаткандыгын, апрель көтөрүлүшүнөн кийинки элдин үмүтүн актоо максатында кадрларды жашартуу, жемкор аткаминерлерди мансапка жолотпоо жана жазалоо жаатында чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти. Соңунда өлкө жетекчилигине Кайрылуу кабыл алынып, кемчиликтерди четтетүү багытындагы иш-чаралар сунушталды.
Анткени менен жергиликтүү саясий серепчилер партиялар ирилешип, конкреттүү программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырмайынча, бөлүнүп-жарылуучулук өлкөнү өстүрбөйт деп кабатырланууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG