Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Токтогулда район акимин кызматтан кетирүү талабы коюлууда


Бүгүн түшкү саат 12ге чейин райондук бийликтин алдына бир боз үй тигилип, район борборунда өтөөр курултайга 400дөй адам чогулду. Саат бирлерде башталчу курултайда райондун акими Сатылган Арстанбековду кызматтан алуу, анын ордуна Тынчтык Иманалиевди дайындоо, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин 5 пайыз акциясын Токтогул районуна ыйгаруу талаптары коюлаары айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Токтогул, Кара-Көл, Таш- Көмүр шаарларынын жаштары” уюмунан Нурболот Кожобергенов жана БЭКтин райондогу өкүлү Салават Аликеев билдирди. Алардын айтымында, курултайда 7- апрелде окко учкандардын арбагына куран окутулат. Район акими курултайдын ишине катышуудан баш тартты.

Район акими Сатылган Арстанбеков курултайдын мыйзамсыз экендигин, бир күн мурда ага БЭКтин атынан деп тапшырылган билдирүүгө эч ким кол койбой, курултайдын талаптары жазылбаганын, БЭК жоюлуп, партияга айланып кеткенин, райкеңештин сессиясы өзүнө ишеним көрсөткөнүн билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG