Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Н.Пиллэй Кыргызстандын күч органдарын сынга алды


Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллэй Женевада сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстандын түштүгүндө күч органдары адамдарды тандап жоопко тартуу, аларды кыйноо сыяктуу иштерге барып атышканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, күч органдары негизинен өзбек тектүүлөрдү кармап атышкандыктан, мындай абал Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды кайрадан курчутуп жибериши ыктымал.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Кыргызстандын түштүгүндө өзбек тектүүлөрдүн укугу тебеленип атат” деген сыяктуу түрдүү маалыматтар карандай калп экендигин, мындай маалыматтарды чагым чыгаргысы келгендер гана айтып атышканын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG