Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Акмат Бакиев күнөөсүн мойнуна ала баштады


21-июлда 22:00дө ИИМдин биринчи орунбасары Мелис Турганбаев башында турган түштүк аймагы боюнча атайын топ операция жүргүздү. Анын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Спутник районунда жашаган аялдын үйүнөн Курманбек Бакиевдин иниси, “Жалал-Абаддын көмүскөдөгү губернатору” деген ат менен таанымал Акмат Бакиев жана аны коштоп жүргөн эки жаран кармалды.

Тинтүү учурунда 75 огу менен тапанча, бет кап, жасалма сакал-мурут жана кийме чач табылган. Алгачкы сурак учурунда Акмат Бакиев улуттар аралык жаңжалга катышы бар экенин мойнуна ала баштады. Ошондой эле анын жашынып, качып жүргөнүнө катышы бар жарандар такталууда. Акмат Бакиев бүгүн Бишкекке алынып келинет. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG