Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

85 кыргызстандык “Эвергриния Республикасына” барат


2010-жылдын 5-августунан 16-августуна чейин Алматы облусунун (Казакстан Республикасы) Фабричный айылындагы “Келешек” лагеринде “Эвергриния Республикасы” жаштардын билим берүүчү лагери өтөт. Иш-чара Ачык коом институтунун, “Сорос-Кыргызстан” корунун, “Сорос-Казакстан” корунун, Тажикстандын Ачык коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү корунун колдоосунда өткөрүлөт.

Кыргызстандын бардык облустарынан 35 өспүрүмдүн катышуусун “Сорос-Кыргызстан” корунун жаштар программасы, Ош, Жалал-Абад облустарынан 50 баланын катышуусун Ачык коом институтунун Билим берүүнү колдоо программасы колдойт.

“Эвергриния Республикасы” – ага катышкан жаштар лагерде болгон мезгилде заманбап мамлекеттин үлгүсүн өзү аркылуу көрсөтүүчү жаштардын билим берүүчү лагери. Лагерге 12–18 жаштагы мектеп окуучулары жана ЖОЖдордун биринчи курстарынын студенттери (жынысы, динге карата мамилеси жана жарандуулугунун айырмасы жок) катышат. Катышуучуларды тандап алуу сынактык негизде жүргүзүлөт.

Он эки күндүк эс алуу оюну мезгилинде катышуучулар тарабынан өз алдынча, көз карандысыз “Эвергриния Республикасы” мамлекети түзүлөт. Аны түзүү жана башкаруу окуучулардын өзүлөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. “Эвергриния Республикасы” керектүү мамлекеттик бийлик институтунун бардыгын – массалык маалымат каражаттарын, жарандык секторлорду, билим берүү жана социалдык коргоо системаларын, мамлекеттик финансы мекемелерин, бизнес-түзүмдөрүн, маданий мекемелерди камтыйт.

Долбоордун өзгөчөлүгү – жогорку класстагылар иш жүзүндө ачык коом идеясын түшүнөт, мамлекетти демократиялык принциптердин негизинде курууну, экономикалык негиздерди жана бизнести жүргүзүүнү үйрөнөт. Мындан сырткары катышуучулар башка аймактардын жана өлкөлөрдүн балдары менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Долбоорду шарттуу түрдө, бири-бири менен тыгыз байланышта ишке ашырылуучу экономикалык, билим берүү жана маалыматтык – үч негизги тематикалык блокторго бөлүүгө болот. Башка мамлекеттер сыяктуу эле Эвергриния мамлекетинин өзүнүн герби, желеги, конституциясы, мөөрү болот.

Бул долбоор 1996-жылы “Сорос-Кыргызстан” корунун “Гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү” программасынын алкагында иштелип чыккан жана дайыма иш процессинде жакшыртылып келет. 10 жыл ичинде эки жарымдан ашык жаштар өзүлөрүн жаш өлкөнүн жаранынын ролунда сынап көрүшүп, көпчүлүгү чыныгы турмушта өзүлөрүн ийгиликтүү көрсөтүшкөн. Долбоор КМШда жана алыскы чет өлкөлөрдө билим берүүнүн бир катар ишмерлери тарабынан өзгөчө жана натыйжалуу деп таанылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG