Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Башкы прокуратура мечиттердин сүрөтүн таркатты


Башкы прокуратура интернет баракчасына (www.prokuror.kg) “Аль-Бухари”, “Ача-Мазар”, “Шахид-Тепе” мечиттеринин прокуратура тарабынан текшерген маалдагы сүрөттөрүн жайгаштырды. Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, мындай иш-чара бир катар кайрылуулардан улам болуп отурат. Анткени буга чейин www.centrasia.ru интернет сайтына Асрор Муминовдун “Кыргыздар өзбектерди мечиттерде да өлтүрүшкөн” деген макаласы чыгып, жогорудагы мечиттерде баш аламандыктар болгонун жазып чыккан. Бирок Башкы прокуратура аталган мечиттерди текшерип чыкканда, ал жайларда кандайдыр бир баш аламандык болгондугу тууралуу эч кандай далилдерди табышкан эмес. Мечиттердин имамдары да баш аламандыктар тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

Башкы прокуратура буга байланыштуу Казакстанда жайгашкан www.centrasia.ru интернет баракчасынын ээси Виталий Хлюпинге жана Асрор Муминовго каршы кылмыш ишин козгоодо жардам берүү үчүн Казакстандын Башкы прокураруна кайрылуу жөнөткөн. Эми болсо “ал мечиттер чындап эле өз калыбында бекен?” деген сыяктуу суроолор чыгып аткандан улам алардын сүрөттөрү көрсөтүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG