Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Ала-Тоо аянтында ЕККУнун полиция күчтөрүнө каршы митинг өттү


Бишкек шаарынын 30га чукул тургуну “Кыргызстанды бөлүп-жарууга жол бербейбиз”, “Кыргыз эли ЕККУнун полициясынын киргизилишине каршы” деген плакаттарды жазып алып, колдорунда кармап турушту. Бул иш чараны “Кыргызстан сырткы күчтөргө каршы” кыймылы уюштурду. Акцияга чыккандар учурда Жогорку Кеңештин имараты тарапка багыт алышты. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден кабарчыбыз билдирди.
Президент Роза Отунбаева ЕККУнун полиция күчтөрү түштүктө Кыргызстандын күч органдарына укуктук жактан тренинг өтүп, кеңеш берип, мониторинг жүргүзүп, жардам беришерин айткан болчу. (AJ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG