Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

АКШлык жоокер талиптердин туткунунда экен


Ооганстандын талип козголоңчулары 23-июлда Кабылдагы базадан чыгып кетип кайра келбеген АКШлык эки жоокердин бири тирүү экенин билдирди. Талиптердин өкүлү Забиулла Можахиддин Ассошэйтед пресс агенттигине телефондон айтканга караганда, автомобилчен жүргөн америкалык жоокерлер эрегишчилердин ээлигиндеги аймакка кирип барган жана аткылашууда бир аскер окко учуп, экинчиси туткунга алынган.

Мурдараак козголоңчулар өлгөн америкалык аскердин жасатын туткун талиптерге алмаштырууну сунуш кылганы кабарланган эле. Бул сунуш жөнүндө Можахиддин Ассошэйтед пресске ооз ачкан эмес.

XS
SM
MD
LG