Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгууларын өткөрүшүүдө


АКШ менен Түштүк Корея бүгүн Корей жарым аралынын жээктеринде суу астында сүзүүчү кемелерге каршы биргелешкен машыгууларын өткөрүп жатышат. Төрт күнгө созулчу машыгууларга 20 аскерий кеме, 200 учак жана 8 миңдей деңиз аскерлери катышууда. Мунун баары мартта Түштүк Кореянын “Чхонан” кемесинин чөгүп кеткенине жооп иретинде өткөрүлүүдө. Ал кырсык үчүн Түндүк Кореяны айыпташкан. Расмий Пхеньян болсо айыпты четке кагып, азыркы машыгууларды “чагым” деп атады. Керек болсо, ядролук куралын колдоноорун эскертти.

XS
SM
MD
LG