Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

М.Аскарбеков: 29-июлда ЕККУнун полиция күчтөрүнө каршы акциялар өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген митингди уюштуруу демилгечилеринин бири, жаш активист Мавлян Аскарбеков эл аралык полиция тобунун Ош, Жалал-Абад шаарларына киргизилиши чагымчылдыктын жаңы толкунуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт.
Ал ошондой эле ЕККУнун полиция күчтөрүнүн түштүккө киргизилишине каршы митинг 29-июлда өлкө аймагынын бардык аймагында өткөрүлөрүн кошумчалады.

Кечээ Бишкекте, Ош, Каракол шаарларында ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы митинг өткөрүлдү.

ЕККУнун Бишкектеги бюросунун жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Бишкекте митингге чыккан жаштардын лидерлери менен жолугушуп, эл аралык полиция кеңешчилерин киргизүү чечими сырттан таңууланбаганын жана бул маселе кыргыз бийлигинин өтүнүчү экендигин эскерткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG