Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

А.Абдырасулова:Ош окуясынын башталышында кыргыз кыздар зордукталганы жалган


Көз карандысыз укук коргоочулардын иликтөөсүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаарында июнь айында тополоңдун башталышында Ош мамлекеттик университетинде окуган 3 студент кызды зордуктап, зомбулук менен өлтүрүлдү деген маалымат жалган болуп чыкты, деп билдирди. “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова бүгүн маалымат жыйынында. Ал ошондой эле түштүктөгү коогалаңга тиешеси бар делип шектелип кармалган өзбек тектүү жарандарды күч органдары кыйноого алып, зомбулук көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо Акыйкатчы институтунун түштүктөгү баш аламандыкты иликтөө боюнча алдын ала жыйынтыгына караганда, өзбек этносуна тукум курут кылуу аракети болбогонун, кандуу кагылышка коррупциялык система себеп болгонун, укук коргоо органдары тарабынан өзбек тектүүлөргө кыйноо болбогунун айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG